2023-жылдын 1-ноябрында Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы драма театрында Кыргыз Республикасынын милиция кызматкеринин кесиптик күнүнө карата майрамдык кече уюштурулган.
Салтанатка Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басарлары Зарипбек Аданбаев жана Азамат Абдраимов, ошондой эле Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бийликтин органдарынын жетекчилери жана орун басарлары катышышты.
Судьялар милиция кызматкерлерин майрамы менен куттуктап, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана мамлекеттин коопсуздугун сактоодо милиция кесиби – татаал жана жоопкерчиликтүү кызмат экендигин белгилешти.
Ошону менен биргеликте облустук жана Каракол шаардык сотунун атынан Ысык-Көл облустук ички иштер органдарынын бир катар кызматкерлерине Ардак грамоталар тапшырылды.
Ысык-Көл областтык сотунун
басма сөз катчысы А.А.Абдымаликова