KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук соту 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарды

16 сентября 2025

 


Ысык-Көл облустук сотунун конференц-залында 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча облустагы жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууга арналган кеңешме болуп өттү.


Кеңешмеге Ысык-Көл облустук сотунун судьялары, шаардык жана райондук соттордун төрагалары катышты.


Иш-чаранын жүрүшүндө облустук соттун төрагасынын орун басарлары тарабынан 2025-жылдын 6 айындагы иштердин саны, сот адилеттигин камсыз кылуу, иштерди кароонун сапаты жана судьялардын жүктөмү боюнча кеңири статистикалык маалымат берилди.


Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын жазык иштер жана укук бузуулар боюнча орун басары Зарипбек Аданбаевдин айтымында, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында шаардык жана райондук сотторго 346 кылмыш иши келип түшкөн. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу (374 иш) 23 ишке аз. Жалпысынан калдыктар менен кошо 505 кылмыш иши каралган.


Жарандык жана экономикалык иштер боюнча орун басар Алайбек Кожомкуловдун маалыматы боюнча, 2025-жылдын алты айында 4956 жарандык иш каралган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 279 ишке же 5,3% аз. 2024-жылдын алты айында 6415 доо арыз түшсө, 2025-жылы 5910 доо арыз келип түшкөн, бул 7,9%га кыскарганын көрсөтөт.


Ал эми административдик иштер боюнча судья Алтынбек Бердибеков билдиргендей, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 228 административдик доо арыз келип түшүп, былтыркыга салыштырмалуу (223 арыз) 5 арызга көп – башкача айтканда, 2% өсүш болгон. 2025-жылдын алты айында 165 иш каралып, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (155 иш) 6%га көп.


Жыйындын соңунда Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев судьяларга жана сот кызматкерлерине сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу, мыйзамдуулукту бекем сактоо, жүрүм-турум этикасын кармануу жана коррупциянын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин улантуу зарылдыгын белгиледи.


 


                                                                     


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы                                                                         А.А.Абдымаликова