KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Балдар арасындагы сүрөт сынагында Ак-Суу райондук сотунун кызматкеринин кызы байгелүү орунду ээледи

18 декабря 2025

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан уюштурулган “Манастын руху — улуттук дем жана улуттук нарк” аттуу балдар арасындагы сүрөт сынагынын жыйынтыгында байгелүү орунга ээ болгон катышуучуну сыйлоо аземи Ысык-Көл областтык сотунда өткөрүлдү.


Сынактын жыйынтыгы менен Ак-Суу райондук сотунун кызматкеринин кызы, 5 жаштагы Раяна Сатындыева жеңүүчү деп табылды. Жеңүүчүнү Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев куттуктап, жаш таланттын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүдө мындай маданий иш-чаралардын маанилүү экендигин белгиледи. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан берилген сыйлык тапшырылды.


Белгилей кетсек, сынакка 14 жашка чейинки сот тутумунун кызматкерлеринин балдары катышты. Ысык-Көл областтык сотунун, шаардык жана райондук соттордун судьяларынын жана аппарат кызматкерлеринин балдары тарабынан 20дан ашык сүрөт иштери сунушталган.


Сынактын жобосуна ылайык, Ысык-Көл областтык сотунун сынак комиссиясынын чечими менен Раяна Сатындыева тарткан сүрөт эң мыкты деп табылып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жиберилген.


 


Ысык-Көл областтык сотунун


басма сөз катчысы                                                                          А.Таалайбек кызы