Бүгүн, 3-октябрь, 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Судьялар Ассоциациясынын «Cот системасын, укуктун үстөмдүгүн, судьялардын көз карандысыздыгын чыңдоо, жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын сотторуна ишеним деңгээлин жогорулатуу үчүн экологиялык адилеттүүлүк саясатын илгерилетүү»эки күндүк конференциясы өз ишин баштады. Иш-чарага 100гө жакын судья, Соттук өз алдынча башкаруу органдарынын, Президенттик администрациянын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Азербайжан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Судьялар ассоциациясынын өкүлдөрү катышууда. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев өз сөзүндө белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген «2023-2026-жылдарга сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасы сот адилеттигинин акыйкат жана натыйжалуу иштешине жетишүүгө багытталган мыйзам чыгаруу, башкаруу, билим берүү чөйрөлөрүндө тиешелүү өзгөртүүлөрдү жүргүзүүгө багытталган. «Жогорку сот Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Судьялар ассоциациясы менен бирдикте Мамлекеттик максаттуу программада каралган иш-чараларды ишке ашыруу боюнча олуттуу күч-аракеттерди жумшоодо. Мындан тышкары, Жогорку сот Жогорку сот, Башкы прокуратура, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана «Орхус борбору» мекемеси тарабынан кол коюлган Экологиялык укуктарды талкуулоо жана сот адилеттигине жетүү боюнча диалогдук улуттук платформаны/аянтчаны түзүү жөнүндө Меморандумдун тараптарынын бири болуп саналат. Бишкек шаары экологиялык адилеттүүлүк саясатын илгерилетүүгө жана ишке ашырууга өз салымын кошот жана айлана-чөйрөнү коргоого тиешелүү маселелер боюнча экологиялык укуктарды жана сот адилеттигине жетүүнү талкуулоо боюнча улуттук диалог платформасын өнүктүрүүгө кызыкдар, анткени сот адилеттиги системасын өнүктүрүү адамдын жана жарандын экологиялык укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу үчүн зор мааниге ээ жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды жана эрежелерди бир түрдүү колдонуу, ар кандай түшүнүктөрдү четтетүү боюнча практиканы түзүү зарылдыгын, экологиялык жоопкерчиликти чыңдоо, жаратылыш ресурстарын пайдаланууга байланышкан соттук иштерди кароо боюнча процессуалдык мыйзамдарды жакшыртуу, айлана — чөйрөнү коргоо тармагында жарандар арасында абийирсиз иштерге жол бербөө жана бөгөт коюу», — деди Нурлан Мусаев. Ошондой эле Төраганын орун басары баса белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту 2023-жылдын февралында Жогорку сот, Башкы прокуратура, Юстиция министрлиги жана адвокатура ортосунда түзүлгөн соттук териштирүүдө өз ара кесиптик жоопкерчиликти күчөтүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумдун алкагында «юристтердин ишеними»принциптерин институционалдаштыруу боюнча чараларды көрүп жатат. «Кыргыз Республикасынын Судьялар ассоциациясы» коомдук бирикмесинин төрагасы, отставкадагы судья Алмазбек Кудайбергенов белгилеп өткөндөй, өткөрүлүп жаткан конференция судьялардын укук үстөмдүгүн жана көз карандысыздыгын бекемдөөдө негизги ролду ойнойт, ошондой эле сот системасына ишенимди жогорулатууга өбөлгө түзөт. Ал соттук бирикмелер менен экологиялык уюмдардын ортосундагы аймактык өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. «Бул конференция укуктун үстөмдүгүн, судьялардын көз карандысыздыгын колдоодо жана сот тутумуна болгон ишенимдин деңгээлин жогорулатууда маанилүү кадам болуп саналат», — деди Алмазбек Кудайбергенов. Алмазбек Кудайбергенов конференциянын негизги милдеттери менен тааныштырып, иш-чара Сот тутумунун ичиндеги кызматташтыкты бекемдөөгө жана өлкөдөгү сот адилеттигинин деңгээлин жогорулатууга багытталгандыгын белгиледи. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын судьялар ассоциациясынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга салтанаттуу кол коюлду. БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева өз сөзүндө 2022-жылдын июлунда БУУнун Башкы Ассамблеясы ар бир адамдын таза, дени сак жана туруктуу айлана-чөйрөгө укугу бар экенин моюнга алганын белгиледи. «Бул чечим жаратылышты коргоого, адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга жана БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууга көмөктөшүүгө тийиш. БУУнун Өнүктүрүү программасы Адам укуктарынын стандарттарына таянган укуктук негиздерди түзүү, адилеттүүлүктү жана экологиялык мыйзамдардын сакталышын камсыз кылган институттарды бекемдөө, ошондой эле сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу жана жарандардын өздөрүнүн экологиялык укуктарын Активдүү коргоо жана экологиялык саясатка таасир этүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жолу менен Кыргызстанга экологиялык адилеттүүлүктү бекемдөөгө жардам берет», – деп белгиледи Александра Соловьева. Кыргыз Республикасынын Судьялар Ассоциациясынын ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн сот тутумунун көз карандысыздыгы боюнча Компонентинин жетекчиси/»укук булагы» АК долбоорунун гендердик теңчилик маселелери боюнча координатору Алмаз Касымбеков да өз сөзүндө белгиледи: «Кыргызстандын сот адилеттигинин келечеги биздин тилектештигибизге, корпоративдик рухубузга жана мыкты болууга умтулуубузга негизделет. Ар бирибиздин салымыбыз Ассоциацияны бекемдейт жана сот системасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», – деп жыйынтыктады ал.