KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

5-март — Сот кызматкерлеринин күнү

05 марта 2026

5-март — сот тутумунда эмгектенген кызматкерлердин кесиптик майрамы. Бул дата адилеттүүлүктү камсыз кылууда, мыйзамдуулукту бекемдөөдө жана жарандардын укук-мүдөөсүн коргоодо жоопкерчиликтүү милдетти аркалап келген сот кызматкерлеринин эмгегин өзгөчө белгилөөгө арналган.


Сот тутумунун бардык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм.


Сот адилеттигин ишке ашырууда аппарат кызматкерлеринин эмгеги абдан маанилүү. Сиздердин тактыгыңыздар, жогорку уюшкандыгыңыздар жана кесипкөйлүгүңүздөр сот өндүрүшүнүн сапаттуу жана үзгүлтүксүз жүргүзүлүшүн камсыз кылып келет. Коомдун сот тутумуна болгон ишенимин бекемдөөдө сиздердин салымыңыздар зор.


Бүгүнкү күндө сот тутумуна жүктөлгөн милдеттер өзгөчө жоопкерчиликти, принципиалдуулукту жана калыстыкты талап кылат. Бул багытта сиздердин талыкпас эмгегиңиздерди жогору баалайм жана терең ыраазычылык билдирем.


Урматтуу кесиптештер!


Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, ишиңиздерге ийгиликтерди жана адилеттүүлүк жолундагы жооптуу кызматыңыздарда туруктуулук каалайм. Ар дайым эл ишенимин актап, мамлекетибиздин өнүгүшүнө татыктуу салым кошо бериңиздер.


Терең урматтоо менен,


Асанбаев Нуркалый Жумабекович