KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл областтык сотунун төрагасынын орун басары Азамат Абдраимов окуучуларга ачык сабак өттү

17 октября 2022

2022-жылдын 14-октябрында өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугунун алдын алуу үчүн жана окуучулардын укуктук билимин жогорулатуу максатында Ысык-Көл областтык сотунун төрагасынын орун басары  Азамат Абдраимов Каракол шаарындагы №1 инновациялык гимназия мектебинин 10-классынын окуучуларына лекция окуду.


Лекциянын жүрүшүндө балдарга “Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу” тууралуу слайд көрсөтүлүп, Азамат Абдраимов өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугу жөнүндө түшүнүк берип, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндө кеңири токтолуп, кылмыштуулуктун себептерин аны алдын алуунун максаттары менен милдеттери жөнүндө айтып берди.  Өспүрүмдөрдүн жана жаштардын кылмыштуулугун алдын алуу боюнча негизги иш чаралар жана багыттары жөнүндө кеп курду.


Лекциянын соңунда Азамат Абдраимов кызыккан окучуулардын бир катар суроолоруна жооп берип, аларга окуусунда ийгилик каалады.


Белгилей кетсек, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча бул иш-чара улантылат.


 


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы А.А.Абдымаликова