2023-жылдын 25-майында Каракол шаарындагы Ысык-Көл Тв Телерадиокомпаниясынын студиясында Ысык-Көл облустук сотунун төраганын орун басары Бакыт Калыков, Балыкчы шаардык сотунун төрайымы Индира Турдумамбетова жана медиатор Марат Бекболотов түз эфирге катышып, “Медиация” кызматынын ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат беришти.