KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков жергиликтүү соттордун төрагаларына жыйын өткөрдү

07 сентября 2023

2023-жылдын 6-сентябрында Ысык-Көл облустук сотунун жыйындар залында кеңешме болуп өттү.


Жыйынга Ысык-Көл облустук  сотунун судьялары жана райондук, шаардык соттордун төрагалары катышты.


Нурлан Чериков судьяларга иштерди кароо сапатын жогорку деңгээлге көтөрүүнү, мыйзамдуулукту бекем сактоо менен иш алып барууга чакырды. Ал эми аппарат кызматкрелерине эмгек тартибин сактап, тараптарга өз убагында чечимдерди тапшырып, сылык мамиле кылуу керек экендигин эскертти.


Ошондой эле, тергөө судьяларына эскертүү берип, өз ишинде тактыкты,  мыйзам чегинде жана  убагында аткарылышын талап кылды.


Жыйындын соңунда алдыда боло турчу мамлекеттик аттестацияны тапшыра турган кызматкерлерине ийгиликтерди каалады.


 


Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы   А.А.Абдымаликов