08 сентября 2023
Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата сот кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.
Кызматтык милдеттерин ак ниет жана үлгүлүү аткаргандыгы, көп жылдык эмгеги, ошондой эле кесипкөй ишмердүүлүгүндөгү жетишкен ийгиликтери үчүн Ысык-Көл облустук сотунун жана жергиликтүү соттордун аппарат кызматкерлерине Ардак грамоталар жана Алкыш барактары берилди.
Төрага жыйындын катышуучуларын алган сыйлыктары менен куттуктап, ишитерине ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалады.
Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы А.Абдымаликова