KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук сотунда төраганын жаңы орун басары дайындалды

04 ноября 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 3-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын 2022-жылдын 28-октябрындагы №200 буйругунун негизинде Ысык-Көл облустук сотунун судьясы Калыков Бакыт Үсөнканович Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын жарандык жана экономикалык иштер боюнча орун басары болуп 5 (беш) жылдык мөөнөткө дайындалды.


Буга байланыштуу Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков кеңешме өткөрүп, төраганын жаңы орун басарын судьяларга жана аппараттын кызматкерлерине тааныштырды. Областтык соттун жамааты Бакыт Калыковду куттуктап, ага жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.


Өз сөзүндө Бакыт Калыков кесиптештерине жана сот аппаратынын кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, ак ниет иште чоң жоопкерчиликти белгилеп, жетишкендиктерди каалады.


Эске салсак, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы №134 конституциялык Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө жергиликтүү соттордун судьяларын көрсөтүүнүн жана дайындоонун тартиби конституциялык Мыйзам менен аныкталат.


Жергиликтүү соттордун судьяларынын ичинен Жогорку соттун төрагасы жергиликтүү соттордун төрагаларын жана алардын орун басарларын 5 жылдык мөөнөткө дайындайт.


                         


Ысык-Көл областтык сотунун  басма сөз катчысы    Айпери Абдымаликова