2023-жылдын 4-февралында Ысык-Көл облустук сотунун судьялары жана 20га жакын облустук соттун кызматкерлери ишембиликке чыгышты. Ишембиликтин алкагында соттун имаратынын айланасы кыштан бери чогулган таштандылардан тазаланып, майда таштар терилип, тегерек-чет толугу менен ирээтке келтирилди.
Ушундай эле ишембиликтер Ысык-Көл облусунун административдик сотунда жана Каракол шаардык соттунда өткөрүлдү.
Ишембиликтин алкагында Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун төрагасы жана аппарат кызматкерлери ошондой эле Каракол шаардык сотунун кызматкерлери тарабынан имараттын аймагы тазаланып, арыктардагы чогулган таштандылар алынды.
Ысык-Көл облустук сотунун, Каракол шаардык сотунун жана Ысык-Көл облусунун административдик сотунун кызматкерлери тарабынан соттун имаратынын айланасына балатылар жана туялар отургузулду.
Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы А.А.Абдымаликова