KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторунун кызматкерлери ишембилик өткөрүштү

11 апреля 2022

2022-жылдын 8-апрелинде Ысык-Көл облустук сотунун судьялары жана 20га жакын облустук соттун  кызматкерлери   ишембиликке чыгышты. Ишембиликтин алкагында облустук соттун имаратынын  айланасы  кыштан бери чогулган таштандылардан тазаланып, өткөн жылдан чогулган чөптөр тырмалды. Ошондой эле гүлдөрдүн тегереги тазаланып, чөптөр отолуп, карагайлар акталып, газондордун тегерек-чети толугу менен ирээтке келтирилип, Ысык-Көл облустук сотунун имаратынын айланасына балатылар отургузулду.Ушундай эле ишембиликтер Ысык-Көл облусунун административдик сотунда, райондук жана шаардык соттордо өткөрүлдү.


Ишембиликтин алкагында Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун кызматкерлери жана облустун Каракол шаардык сотунун кызматкерлери тарабынан имараттын аймагы тазаланып, арыктардагы чогулган таштандылар алынып, гүлдөргө, бак-дарактарга кам көрүлдү.


Ошондой эле, Балыкчы шаардык соту, Ак-Суу, Ысык-Көл, Тон, Түп жана Жети-Өгүз райондук сотторунун кызматкерлери менен ишембилик өткөрүшуп, мекемелердин сыртынын санитардык абалын жакшыртып, гүлдөр кыркылып, арыктар тазаланып жана имараттын тепкичтери пайдубалдары акталды.


Жазында сот имараттарына жанаша жайгашкан аймактарды жана атайын бөлүнгөн жерлерди тазалоо жана санитардык тазалоо боюнча жумалык ишембиликтер улантылат.