KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторунун судьялары жана аппарат кызматкерлерине тренинг өттү

04 мая 2023

2023-жылдын  3-майында,  Ысык-Көл облустук сотунун жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектеби жана  USAID “Укук булагы” долбоору тарабынан жергиликтүү соттордун судьялары жана аппарат кызматкерлерине тренинг  уюштурулду.


Тренингге Ысык-Көл облусунун райондук жана шаардык сотторунун судьялары бөлүм башчылары, судьянын жардамчылары, сот отурумунун катчылары жана IT-адистери катышты.


Тренингдин алкагында автоматташтырылган маалымат системасы, маалымдама колдонмо менен иштөө, соттук актылардын мамлекеттик реестри, аудио-видео жазуу системасы, жабдуулардын курамы менен таанышуу боюнча кенен маалымат берилди.


Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Бакыт Сарыбаев «Адилет сот» маалыматтык технологиялар боюнча мекемесинин директору Рустам Шабыев, USAID “Укук булагы” долбоорунунун 4-компонентинин жетекчиси Динара Молдошева сот кызматкерлеринин кызыктырган суроолоруна жооп беришип, көйгөйлөрүн жана сунуштарын угушуп, тренингдин соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы   А.А.Абдымаликова