KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Каракол шаарында жергиликтүү сотторунун кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча кезектеги мелдеш өттү

26 июня 2023

 


2023-жылдын 24-июнунда Ысык-Көл областынын борбору Каракол шаарында Ысык-Көл областынын жергиликтүү сотторунун кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча кезектеги мелдеш өттү.


Мелдеш Каракол шаардык соту тарабынан өткөрүлдү. Жалпысынан таймашта областтык соттун, шаардык жана райондук соттордун жана Ысык-Көл областтык Сот департаментинин башкармалыгынын жана сот приставдар кызматынын кызматкерлеринен түзүлгөн 10 команда ат салышты.


Бул иш чаранын башкы максаты жаштарды сергек жашоого үндөө, сот системасынын кызматкерлеринин арасында, достук жана спорттук алаканы бекемдөө, мыкты футбол командасын аныктоо жана кезектеги турнирди өткөрүү эстафетасын тапшыруу болуп саналат.


Мелдеш жандуу ритмде өтүп, катышуучулар жеңишке жетүүдө биримдигин көрсөтө алышты. Күйөрмандар оюнчуларды активдүү жана эмоционалдуу колдоп жатышты. Оюндардын соңунда жеңүүчү болуп  Ак-Суу райондук сотунун кызматкерлеринен түзүлгөн команда жарыяланды.


Салтанаттуу түрдө мыкты оюнчуларга ар кандай номинациядагы дипломдорду Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков, Каракол шаардык сотунун төрагасы Каныбек Акыев,  тапшырышты. Мелдештин катышуучуларына спорт жаатында мындан аркы ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалашты.


Биринчи орунду багынткан   Ак-Суу райондук сотунун кызматкерлеринен түзүлгөн команда «Эстелик кубогу», биринчи даражадагы медаль, диплом жана акчалай сыйлык 8000 сом менен сыйланышты. Экинчи орунду ээлеген  Балыкчы шаардык сотунун командасы медаль, диплом жана акчалай сыйлык 5000 сом менен, ал эми үчүнчү орунду алган  Ысык-Көл райондук  сотунун командасына диплом, медалдар жана акчалай сыйлык 3000 сом тапшырылды.


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы                                                                                   А.А.Абдымаликова