KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Каракол шаарында сот кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

05 марта 2024

 


 


Ысык-Көл обласунун Каракол  шаарындагы “Сот Адилеттик үйүнүн” имаратынын жыйындар залында сот кызматкерлеринин күнүнө арналган жыйын өттү.


 


Жыйынга Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы Нурлан Чериков, областтык соттун судьялары, райондук, шаардык соттордун судьялары, аппарат кызматкерлер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышышты.


 


Төрага кесиптештерин майрамы менен куттуктап, кызматтык милдеттерди аткарууда жоопкерчиликтүү жана принципиалдуу мамиле жасоо  керектигин белгиледи.


 


Ошондой эле иш-чарага катышып жаткан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, Ысык-Көл облусунун прокурору Бектен Жолдошев, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Орунбай Кочкоров жана муниципалдык мекемелердин жетекчилери өз куттуктоолорун айтышып, бир катар судьяларды жана соттордун аппарат кызматкерлерин медаль, Ардак грамоталары жана алкыш барактары  менен сыйлашты.


 


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы  Айпери Абдымаликова