KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Каракол шаарында сот кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

17 марта 2023

Ысык-Көл обласунун Каракол  шаарындагы “Сот Адилеттик үйүнүн” имаратынын жыйындар залында сот кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш чара өттү.


Жыйынга Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы Нурлан Чериков, областтык соттун судьялары, райондук, шаардык соттордун төрагалары, судьялары, сот тутумунун ардагери Болот Асанбаев, Садыр Соодонбеков, Кадырбек Сулайманов жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышышты.


Ысык-Көл облустук  сотунун төрагасы кесиптештерин майрамы менен куттуктап, кызматтык милдеттерди аткарууда жоопкерчиликтүү жана принципиалдуу мамиле жасоо  керектигин белгиледи.


Ошондой эле иш-чарага катышып жаткан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов, Каракол шаарынын биринчи вицемэри Чынгыз Бапаев, Ысык-Көл облусунун прокурору Бектен Жолдошев, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Орунбай Кочкоров, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Даниэль Рысалиев жана муниципалдык мекемелердин жетекчилери өз куттуктоолорун айтышып, бир катар судьяларды жана соттордун аппарат кызматкерлерин медаль, Ардак грамоталары жана алкыш барактары  менен сыйлашты.


 


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы


Айпери Абдымаликова