KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында алгачкы Сот адилеттик үйү ачылды

01 марта 2023

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Ысык-Көл облусунун  Каракол шаарында Сот адилеттик үйү ачылды.


Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков, Сот департаментинин директору Медербек Сатыев, Ысык-Көл облусундагы соттордун судьялары, аймактардагы соттордун төрагалары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты.


Өз сөзүндө өлкө башчысы ишке берилип жаткан Сот адилеттик үйүндө Ысык-Көл облустук соту, Административдик сот жана Каракол шаардык соту жайгашып, сот адилеттигин ишке ашыра тургандыгын айтты.


Бул үч жергиликтүү соттордун бир жерде жайгашуусу менен бир топ маселе чечилип жатат. Алсак курьердик иштерге байланыштуу убакыт менен каражат чыгымдарынын кыйла үнөмдөлүшү, “бирдиктүү терезе” принциптери аркылуу ыңгайлуу шарттын жана жергиликтүү соттордун кызмат жайлары үчүн бекитилген ченемдерге ылайык шарттардын түзүлүшү. 


Мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган жарандар үчүн имаратка заманбап лифт орнотулуп, сот процессине катышкандар үчүн талапка жооп берерлик шарттар түзүлдү. Ошондой эле айыпталуучулар үчүн талаптарга жооп берерлик убактылуу кармоочу жайлар дагы каралган.


Сот отурумдар өтүүчү залдардын эмеректери 100 пайыз жаңыланса, судьялардын жана башка кызматчылардын иш бөлмөлөрү муктаждыгына жараша жаңыланды. Сот адилеттигин ишке ашыруудагы ачык айкындуулукту камсыз кылуу эң маанилүү иштердин бири болгондугуна байланыштуу имараттын сот отурум залдары санариптештирүү иштеринин алкагында тиешелүү жабдык менен камсыздалган”, — деп билдирди өлкө башчысы.


Ал эми  Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков бүгүн тушоосу кесилип жаткан Сот адилеттик үйү сот тутумунун тарыхында биринчи жолу уюшулуп, ишке берилип жаткандыгын айтты.  Сот адилеттик үйүн ачуу идеясын  сунуш катары  учурунда Садыр Нургожоевич өзү бергендигин, бүгүн ошол идея жүзөгө ашып, биринчи кадамын жасап жаткандыгын айтты.


Жалпы судьялар жана башка сот тутумунун кызматкерлери мамлекет башчысы тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоого күбө болушууда. Андыктан биз ошол колдоого жараша өз милдеттерибизди так жана сапаттуу аткарууну сот реформасынын үчүнчү — негизги этабы катары пландап жатканыбызды дагы бир ирээт белгилеп кетмекчимин.


Мындан ары сот адилеттигин ишке ашырууда негизги максат катары, жарандардын талабына ылайык жагымдуу шарттарды эле түзүү менен чектелбестен, иштерди кароодо белгиленген кыска мөөнөттө, мыйзамдуу жана адилеттүү өкүм-чечимдерди бирдиктүү практикага ылайык кабыл алынуусун ар бир судьядан талап кылам. Мындай аракеттер келечекте сөзсүз түрдө өзүнүн жемишин, натыйжасын берип, сот бийлигине элибиздин ишенимин кайтарууга өбөлгө түзөт деп ишеничтүү айта алам”, деди Жогорку сотун төрагасы.


Мамлекет башчысы Сот адилеттик үйүндөгү сот отурум залдарын, канцелярия,  судьялар жана аппарат кызматкерлеринин, жашы жете элек өспүрүмдөр үчүн бөлмөлөрдү карап чыкты.


Белгилей кетүүчү жагдай, аталган 5 кабаттуу имарат учурунда чек ара кызматын күчөтүү максатында 1965-жылы курулуп,  1973-жылы бүткөрүлгөн. Имарат чек ара аскерлер үчүн 500 орундуу жатакана катары ишке берилген. Андан бери туура 50 жыл өтсө дагы, имаратка жаңы дем, жаңы багыт берилип, өлкөбүздүн сот тутумуна жана элибизге кызмат кылганы турат.