KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Сот Адилеттик үйүндө “Манас” эпосуна арналган лекция өттү

18 октября 2023









2023-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы-“ Манас” эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында ошондой эле “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамынын аткарылышын камсыз кылуу максатында Ысык-Көл облустук сотунда “Манас” лекциясы уюштурулду.


Иш чарага Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директорунун орун басары Нурбек Талантбеков, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти “Гиннесинин рекорддор китебине” кирген манасчы Рыспай Исаков, төкмө акын Эсен Кийизбаев жана жаш манасчы Саид Жолочиев, ошондой эле  Ысык-Көл облустук, Каракол шаардык жана Административдик сотторунун судьялары менен кызматкерлери катышышты.


Нурлан Чериков өз сөзүндө «Манас» бул кыргыздардын улуттук сыймыгы, кыргыздардын кылымдарды камтыган элибиздин ыйык тутуп, укумдан-тукумга бөксөртпөй сактап, улам толуктап, байытып келе жаткан улуу мурасы- деп белгиледи.       Лекциянын жүрүшүндө “Манас” эпосунан үзүндүлөр угулду. Угармандар баатырдык эпос боюнча суроолорду берип, мазмундуу жоопторду  алышты.


Иш чаранын соңунда Адилет үйүнүн коноктору Кыргыз улуттук “Манас” театрынын атынан “Манас” эпосун жайылтууга кошкон салымы үчүн “Урааным Манас” төш белгисин Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериковго тапшырышты.