13-сентябрында Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков, Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун төрагасы Асылбек Мамадалыев, Каракол шаардык сотунун төрагасы Каныбек Акыев жана Каракол шаардык сотунун судьясы Венера Туманованын катышуусунда Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Каракол шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин 2-курсунун студенттерине ачык эшик күнү өткөрүлдү.
Судья Венера Туманова экскурсия өткөрүп, соттун имараты менен тааныштырып, орнотулган аудио-видео жазуу системасы жана иштердин келип түшкөндөн кийинки тартиби туурасында кенен маалымат берди.
Ал эми Сот Адилеттик үйүндө жайгашкан үч соттун төрагалары студенттерге судьялардын ыйгарым укуктары принциптери статусу жана аппарат кызматкерлеринин функционалдык милдеттери туралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү ошондой эле кеп-кеңештерин берип кызыктырган суроолоруна жооп беришти.
Иш-чаранын алкагында студенттер жарандык жана кылмыш иштер боюнча ачык сот отурумдарына катышты.
Жолугушуунун соңунда Нурлан Чериков студенттерге окууларына ийгиликтерди каалап, талыкпай изденип окуу керектигин белгилеп, ушундай жолугушуулар алдыда дагы өткөрулүп турарын айтты.
Аны менен биргеликте окуу жайдын декандын орун басары Акжолтой Иманалиева төрагаларага ыраазычылыгын билдирип, бул жолугушуу студенттер үчүе чоң мативация болоорун белгиледи.
Ысык-Көл облустук сотунун басма сө катчысы А.Абдымаликова