KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата бир катар кызматкерлерге алкыш жарыяланды

03 сентября 2021

2021-жылдын 3-сентябрында Ысык-Көл областтык сотунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш чара өткөрүлдү.


Ысык-Көл  областтык сотунун төрагасы Гулкайыр Алиева сот кызматкерлерин майрамы  менен куттуктап, алкыш барактарын тапшырды.  Кызматтык милдеттерин үлгүлүү жана ак ниет аткаргандыгы үчүн   Ысык-Көл  областтык сотунун бөлүм башчысы Назгүл Ибраевага, областтык соттун судьяларынын жардамчылары Анарбек Айдакеев менен Нургул Токтошевага жана областтык соттун коменданты Саид Бейшеевке алкыш жарыяланып, акчалай сыйлыктар тапшырылды.  Гулкайыр Алиева кызматкерлердин иштерине ийгиликтерди каалап, кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.