KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ысык-Көл облусунун судьялары аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөргө жардам көрсөттү

02 июня 2023

 


2023-жылдын 1-июнунда Ысык-Көл облустук сотунун судьялары Каракол шаардык соту жана Ысык-Көл облусунун Административдик соту аз камсыз болгон көп балалуу үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүп майрамы менен куттукташты.


Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков облустук сотунун судьяларынын атынан Каракол шаарынын тургуну 5 баласы бар Чолпон айымдын балдарын майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, балдарга бактылуу балалык каалап, татууларды, оюнчуктарды, жана акчалай жардам көрсөтүштү.


Аны менен биргеликте бул майрам күнү Каракол шаардык соту жана Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун судьялары Каракол шаарынын тургуну 5 балалу Урматбек мырзанын үй-бүлөсүнө барып, белектерди, татууларды тапшырып,  материалдык жардам көрсөтүп майрамы менен куттукташты.


Белгилей кетсек, ар жылы Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторунун судьялары жана балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган кайрымдуулук акцияларына катышып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, мүмкүнчүлүгү чектелген жана ата-энесиз бөбөктөргө материалдык жардам көрсөтүп келишет.


Ошондой эле мындан ары бул эки үй-бүлөлөргө судьялар тарабынан колдо көрсөтүлүп турарын айтышты.


 


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы   А.А.Абдымаликова