KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ысык-Көл облусунун судьялары аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөгө жардам көрсөттү

31 мая 2024

 


 


Жыл сайын 1 июнь күнү бүткүл дүйнөдө  Балдарды коргоонун эл аралык күнү майрамдалып келет. Бул күнү  өлкөдө бардык балдар жашоого жана бактылуу балалыкка укуктуу экенин  эске салган майрам.


Ар жылы  Ысык-Көл облусунун судьялары Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган кайрымдуулук акцияларына катышып, мүмкүнчүлүгү чектелген, ата-энесиз балдарга жана аз камсыз үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүп келишет.


Бул майрам күнү Каракол шаардык соту жана Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун судьялары Каракол шаарынын тургуну аз камсыз, 8 балалуу Чынара аттуу баатыр эненин балдарын майрамы менен куттуктап белектерди тапшырып акчалай жардам көрсөтүштү.


Судьялар Чынара айымдын үй-бүлөсүнө бекем ден соолук, балдарына бактылуу балалык, жаркын келечек каалап, таттууларды, оюнчуктарды жана окуу куралдары менен бирге материалдык жардам көрсөтүштү.


Мындан тышкары Ысык-Көл райондук сотунун төрагасы Кайрат Батыралиев, райондук сотунун судьяларынын жана аппарат кызматкерлеринин атынан Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарындагы жалгыз бой, коп балалуу, турмуш шарттары оор эки үй-бүлөлөргө барып, азык-түлүктөрдү татууларды жана акчалай жардам көрсөтүшүп майрамы менен куттукташты!


Баатыр энелер судьялардын балдарга болгон жардамы жана көңүл үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы                            А.А.Абдымаликова