KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Каракол шаардык сотунун судьясы ардак грамота менен сыйланды

30 августа 2023

Бүгүн 2023-жылдын 30-августунда Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков Каракол шаардык сотунун тергөө судьясы Тарасбек Осмоновго 2023-жылдын 31-август Кыргыз Республикасынын “Эгемендүүлүк күнүнө карата” ардак грамота менен сыйлады.


Кызматтык милдеттерин ак ниет үлгүлүү аткаргандыгы ошондой эле сот адилеттигин жүзөгө ашыруудагы бир кыйла салымы көп жылдык эмгеги, ошондой эле кесипкөй ишмердүүлүгүндөгү жетишкен ийгиликтери үчүн Каракол шаардык сотунун тергөө судьясы Осмонов Тарасбек Сапарбекович Ысык-Көл облустук сотунун ардак грамотасы менен сыйланды.


Төрага Нурлан Чериков, судьяны алган сыйлыгы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалады.


Эске салсак, жыл сайын сот тутумунун өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн Кыргыз Республикасынын “Эгемендүүлүк күнүнө карата” сот тутумунун кызматкерлери Ысык-Көл облустук сотунун Ардак грамотасы менен сыйланышат.


                                


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы                                                                                   А.А.Абдымаликова