KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облусунун административдик сотунун судьясы жактоочуларга тренинг өткөрдү

14 июня 2024

 


Баткен облусунда Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын окуу борборунун чакыруусу менен облустук администрациянын имаратында “Кыргыз Республикасындагы жер-укуктук мамилелерди укуктук жөнгө салуу” деген темада эки күндүк окуу уюштурулду.


Иш-чарага Ысык-Көл облусунун административдик сотунун судьясы Зарина Абдыкадырова тренер катары катышып, Баткен облусунун жактоочуларына окуу өткөрдү.


Жыйындын жүрүшүндө судья  «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонулушу боюнча түшүндүрмө берди, ошондой эле «Жер участогуна укуктун пайда болушунун, өзгөрүшүнүн жана токтотулушунун негиздери» жана Жер участогуна укукту жана укукту күбөлөндүрүүчү документтер тууралуу толук маалымат берди.


Тренингдин алкагында окуу дискуссия презентация жана суроо жооп иретинде өткөзүлүп,  жактоочулар үчүн жемиштүү окуу болуп,  кеңири маалымат алышты.


Жыйындын соңунда судья семинардын катышуучуларына иштерине ийгиликтерди каалап, ыраазычылык билдирди, өз кезегинде Баткен облусунун адвокаттары Зарина Абдыкадыровага  тренер катары өткөргөндүгү үчүн “Ыраазычылык кат”  тапшырышты.


 


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы                             А.А.Абдымаликова