KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Мамлекеттик кызматкерлер арасында өткөн футбол боюнча мелдеште соттор биринчи орунду багындырышты

24 июня 2024

 


Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин  күнүнө карата Каракол шаарында облустук мамлекеттик мекемелеринин райондук мамлекеттик администрацияларынын, шаарлардын мэрияларынын, жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппарат кызматкерлеринин арасында кичи футбол, волейбол жана стол тенниси боюнча мелдеш уюштурулду.


 


Иш-чарага Ысык-Көл облусунун административдик сотунун төрагасы Асылбек Мамадалыев, облустук, район жана шаардык соттордун  аппарат кызматкерлери жана Сот департаментинин кызматкерлери катышып, жогорудагы кызматкерлердин арасынан түзүлгөн   мыкты курама команда, Сот тутумунун  атынан ат салышып, намысын коргошту.


 


Мелдеш жандуу ритмде өтүп, катышуучулар жеңишке жетүүдө биримдигин көрсөтө алышты. Күйөрмандар оюнчуларды активдүү  колдошту.


 


Сот тутумунан түзүлгөн команда футбол боюнча мелдештен финалга чыгып, 1-орунду ээлеп, ал эми теннис оюнунан 3-орунду багындырышты, Соттун командасы кубок дипломдор жана медалдар менен сыйланышты.


 


 


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы   А.А.Абдымаликова