KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облусунун жергиликтүү соттору Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин майрамы менен куттуктады

10 мая 2022

2022-жылдын 9-майы “Улуу Жеңиштин 77жылдыгынын” урматына өлкөбүздүн бардык аймактарында ар түрдүү акциялар өткөрүлөт. Ушул акциянын негизинде Жеңиш күнү согуштун ардагерлерине жана оорук кызматкерлерине таазим этип, алардын баа жеткис эрдиктерин эскерчү күн.


Ушуга байланыштуу Ысык-Көл областтык сотунун судьялары Каракол шаарынын тургуну тылдын эмгекчиси 1928-жылы туулган Н.Калугинаны куттуктап, ден соолугун сурап, акыбалын билип, алардын жасаган эрдиги үчүн тартуулаган ачык жана тынч асман үчүн ыраазычылык билдирип, узун өмүр, дөөлөттүү карылык каалап, белектерди тапшырып, акчалай жардам көрсөтүштү.


 


Ушуну менен биргеликте Каракол шаардык сотунун судьялары жана Ысык-Көл областынын Административдик сотунун судьялары биригип, ооруктун  эмгекчиси Каракол шаарынын тургуну 1928-жылы туулган А.Попованы куттукташты. Алардын эрдиги эч качан унутулбасын, ар дайым сыймыктанып, эстеп турарын айтышып, чың ден соолук каалап, белектерди тапшырып, акчалай жардам көрсөтүштү.


 


Ак-Суу районунун сотунун кызматкерлери Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургундары Улуу Ата Мекендик  согуштун ардагерлери 1925-жылы туулган К.Сатыбалдиевди жана 1922-жылы туулган К.Джакшылыковду майрамы менен куттуктап, жасаган эрдиктери үчүн таазим кылып, тынч жана ачык асманда жашап жатканыбызга ыраазычылыгын билдиришип, дөөлөттүү карылык каалап, белектерин тапшырып кайтышты.


 


Жети-Өгүз райондук сотунун жамааты, Жети-Өгүз районунун Ак-Кочкор айылынын тургуну 1926-жылы туулган Улуу Ата Мекендик  согуштун ардагери А. Токтоназаровду майрамы менен куттукташты. Алар ардагерге бекем ден соолук, узун өмүр жана дөөлөттүү карылык каалап, белектерин тапшырып, жасаган эрдиктери үчүн ыраазычылыктарын айтышты.


 


Улуу Ата Мекендик  согуштун ардагерлери соттун жалпы эмгек жамаатына терең ыраазычылыгын билдиришип, эли-жерибизге тынчтык жана бакубат жашоо каалап, баталарын беришти.