KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облусунун жергиликтүү соттору Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын майрамы менен куттукташты

10 мая 2023

2023-жылдын 9-майы “Улуу Жеңиштин 78 жылдыгынын” урматына Ысык-Көл облусунун жргиликтүү сотунун судьялары “Жеңиш күнү” согуштун ардагерлери жана ооруктун катышуучуларына таазим этип, алардын баа жеткис эрдиктерин эскерип майрамы менен куттукташты.


Ушуга байланыштуу Ысык-Көл облустук сотунун судьялары Каракол шаарынын тургуну тылдын эмгекчиси 1934-жылы туулган 90 жаштагы Какен Исаеваны куттуктап, ден соолугун сурап, акыбалын билип, алардын жасаган эрдиги үчүн тартуулаган ачык жана тынч асман үчүн ыраазычылык билдирип, узун өмүр, дөөлөттүү карылык каалап, белектерди тапшырып, акчалай жардам көрсөтүштү.


Аны менен биргеликте Каракол шаардык сотунун судьялары жана Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун судьялары биригип, тылдын эмгекчиси Каракол шаарынын тургуну 1933-жылы туулган Турдукан Амердинованы куттукташты. Алардын эрдиги эч качан унутулбасын, ар дайым сыймыктанып, эстеп турарын айтышып, чың ден соолук каалап, белектерди тапшырып, акчалай жардам көрсөтүштү.


Ак-Суу районунун судьялары аппарат кызматкерлери, сот аткаруучулар жана сот приставтары биригип, Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургундары Улуу Ата Мекендик  согуштун ардагери 101 жашка чыккан Кенжебай Джакшылыковду жана 1935-жылы туулган оруктун катышуучусу “Даңк орденин” ээси Турган Джаманакованы майрамы менен куттуктап, жасаган эрдиктери үчүн таазим кылып, тынч жана ачык асманда жашап жатканыбызга ыраазычылыгын билдиришип, дөөлөттүү карылык каалап, белектерин тапшырып, материалдык жардам көрсөтүштү.


Балыкчы шаардык сотунун судьялары Балыкчы шаарынын тургуну Блокада курчоосунун катышуучусу 1924-жылы туулган Татьяна Ступникадан кабар алып, ден соолугун сурап, жылуу сөздөрүн айтышып, белектерин тапшырып, материалдык жардам көрсөтүштү.


Ал эми Түп райондук сотунун төрагасы Э.Гуламидин уулунун жетекчилигинде, Түп районунун  Түп  айылынын тургуну 1928-жылы туулган ооруктун эмгекчиси Майрамкан Тюлееваны майрамы менен куттукташты. Алар бекем ден соолук, узун өмүр жана дөөлөттүү карылык каалап, белектерин тапшырып, жасаган эрдиктери үчүн ыраазычылыктарын айтышты.


Ысык-Көл райондук сотунун төрагасы Кайрат Батыралиев оруктун катышуучусу Чолпон-Ата шаарынын тургуну 1933-жылы туулган куттуктап, бекем  ден соолук каалап, белектерин тапшырып жана акчалай жардам көрсөттү.


Улуу Ата Мекендик  согуштун ардагерлери соттун жалпы эмгек жамаатына терең ыраазычылыгын билдиришип, иштеринде ийгиликтерди жана эли-жерибизге тынчтык жана бакубат жашоо каалап, баталарын беришти.