KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облусунун судьялары Сот департаментинин кызматкерлерин майрамы менен куттукташты

03 ноября 2022

2022 — жылдын 1-ноябрында Сот департаментинин түзүлгөндүгүнүн 28 жылдыгына карата Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын кызматкерлерин куттуктап, айрым кызматкерлерине облустук соттун атынан Ардак грамоталарды тапшырды.


Сот системасын өнүктүрүүдөгү кошкон эмгеги үчүн Сот департаментинин жетекчиси Жолдош Асаналиевди, мамлекеттик кызмат жана кадр иштерин камсыздоо бөлүм башчысы Гүлнур Эрмекбаеваны жана материалдык техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Жокен кызы Асираны сыйлады.


Ошондой эле Каракол шаардык сотунун төрагасы Каныбек Акыев дагы Сот департаментинин кызматкерлерин куттуктап, сыйлыктарын тапшыруу менен алардын ишинде ийгиликтерди жана ден-соолук каалады.


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы                                                                                   А.А.Абдымаликова