KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл областтык сотунун судьялары студенттерге ачык сабак өттү

16 мая 2024




16 мая 2024







2024-жылдын 16-майында болочок юристтердин укуктук билимдерин жогорулатуу максатында Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары Бакыт Калыков жана Ысык-Көл облустук соттун судьясы Алтынбек Бердибеков Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Каракол шаарындагы филиалынын юридикалык факультетинин студенттерине лекция окуду.


Лекциянын жүрүшүндө Бакыт Калыков “Кыргыз Республикасынын сот системасы” деген темада кеңири маалымат берди. Лектор өз сөзүндө соттордо сот адилеттигин сот гана ишке ашырарын жана мыйзамда каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын жарандары сот адилеттигин ишке ашырууга катышууга укуктуу экендигин белгиледи. Мындан тышкары лектор жарандык мыйзамдардагы жаңылыктар, жаңы кодекстердин өзгөчөлүктөрү жана айырмачылыктары тууралуу айтып берди.


Студенттер Алтынбек Бердибековдон сот бийлигин ишке ашыруунун принциптери, сот адилеттигин ишке ашырууну жөнгө салуучу укуктук ченемдердин мазмуну, сот тутумунун түзүмү жөнүндө кызыктуу маалымат алышты.


Судьялар кесип тандоодо ар түрдүү юридикалык кесиптердин ортосундагы айырмачылыктарга кеңири токтолушту.


Лекциянын соңунда Бакыт Калыков менен Алтынбек Бердибеков студенттерди кызыктырган суроолорго жооп берип, келечектеги юристтер катары башка студенттерге үлгү болушу керектигин белгилешип, окууларына ийгиликтерди каалашты.


 


                                                                                


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы  Айпери Абдымаликова