KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Сот тутуму жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары менен эффективдүү өз ара аракеттенүүгө ачык

28 марта 2022

2022-жылдын 25-мартында, сот тутуму менен ЖМКнын өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүүгө арналган эки күндүк тегерек стол өз ишин аяктады.


Иш чарада журналисттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, кеңири жоопторду ала алышты. Суроолорго жооп берип жатып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков коомдо сот адилеттигинин маңызын түшүнүүнү калыптандырууда, ошондой эле жарандардын укуктук аң-сезиминин деңгээлин жогорулатууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.


Катышуучулар биргелешкен чыгармачыл долбоорлор боюнча өз сунуштарын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен соттордун кесипкөй эмес мамилесинин фактыларын айтууга мүмкүнчүлүк берген иш чаранын жогорку деңгээлде өткөнү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.


Тегерек столдун жүрүшүндө жергиликтүү соттордун судьялары: Ысык-Көл областтык сотунун төрайымы Гүлкайыр Алиева, Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу  Альгис Шукуралиев, Ысык-Көл облустук сотунун судьясы Самар Ниязалиев жана Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун төрагасы Мелис Тагаев журналисттер менен кызматташуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү.


Облустук соттун төрайымы соттун ишмердүүлүгүн чагылдыруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. Тактап айтканда, Ысык-Көл облустук сот аймактагы медиа борбор менен өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту, анда соттун ишин чагылдыруу камтылган жана калктын укуктук маданиятын жогорулатууга багытталган. Ошондой эле судьялар тараптар натыйжалуу кызматташуунун жолдорун ачык талкуулаган мындай иш чара өз ара аракеттенүүнүн сапаттык жаңы деңгээлине чыгууга түрткү боло аларын белгилешти.


Иш чаранын соңунда тараптар маалымат менен гана чектелбестен, жарандарга укуктук тарбия берүү менен бирге соттор менен ЖМКнын тыгыз жана жакшы кызматташуусуна багытталган иш чаралардын жүргүзүлүшүнүн маанилүүлүгүн билдиришти.


Эске салсак, иш чара Жогорку соттун Аппарат  жетекчиси Эркинбек Мамыровдун, Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Нурханбек Момуналиевдин, Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгү 2-фаза” Программасынын жетекчиси Стефанос Кареклас, аталган Программанын негизги эксперти Александру Танасенин  катышуусунда өттү.


Тегерек столдун ишине  Ысык-Көл облусунун, ошондой эле Нарын, Талас жана Чүй облустарынын жалпыга маалымдоо  каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.