2022-жылдын 22-ноябрында, Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун имаратында видео байланыш аркылуу автоматташтырылган маалымат системасы, соттор арасындагы иштерди автоматтык бөлүштүрүү боюнча онлайн семинар өттү.
Ал семинарга Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков жана Ысык-Көл облусунун райондук жана шаардык сотторунун бөлүм башчылары жана IT-адистери катышты.
«Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин адистери алдыдагы болчу өзгөрүүлөр боюнча кенен маалымат берип, соттун кызматкерлеринин кызыктырган суроолоруна жооп беришти.
Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы А.А.Абдымаликова