Ысык-Көл облустук сотунун, Ысык-Көл облусунун административдик сотунун, ошондой эле Каракол шаардык сотунун кызматкерлери Адилет үйүнүн имаратынын тегерегинде коомдук иш күн өткөрүштү.
Ишембиликтин жүрүшүндө сот имаратынын айланасында чогулган таштар, таштандылар жана өскөн отоо чөптөр тазаланды.
Ошондой эле кызматкерлер гүлдөрдү жана туяларды сугарып, ошол эле учурда соттун аймагын толугу менен иретке келтиришти.