KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму болду

22 февраля 2024







Бүгүн, 2024-жылдын 22-февралында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда төрага Замирбек Базарбековдун катышуусунда Пленум болуп өттү.


Пленумдун отурумуна Жогорку соттун судьялары жана жергиликтүү соттун судьялары видеоконференц байланыш аркылуу катышышты. Ошондой эле отурумга Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Сулайманкулов, Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин биринчи орун басары Зарема Аскарова, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү катышышты. Ошондой эле Сот департаментинин, Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин жана «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин жетекчилери катышышты.


Күн тартиби боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегияларынын төрагаларынын 2023-жылдагы соттук коллегиялардын иши жөнүндө маалыматтары угулду, андан кийин Жогорку соттун судьялары соттук коллегиялардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку cотунун Пленумунун токтомдорун кабыл алуу үчүн добуш беришти.


Отурумда  Жогорку соттун төрагаларынын орун басарлары Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү боюнча маалымат беришти.