KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облусунун тергөө судьялары менен тергөө кызматынын катышуусунда жыйын өттү

09 февраля 2024









Ысык-Көл облустук сотунун жыйындар залында Ысык- Көл облусунун райондук, шаардык соттордун тергөө судьялары жана ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын катышуусунда жарандардын укуктарын коргоо, мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо  жана тергөө өндүрүшүндөгү орун алган кемчиликтерди жоюу максатында  иш-чара уюштурулду.


Жыйында Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы Нурлан Чериков жарандардын укуктарын сактоо ошондой эле эркиндиктерин мыйзамсыз чектөөгө жол бербөө жана сотко чейинки өндүрүш иштеринин сапатын жогорулатуу бүгүнкү жыйындын негизги максаты экенин белгиледи.


Аны менен биргеликте райондук шаардык соттордун тергөө судьялары, тергөө жана сотко чейинки өндүрүшүндөгү бир катар көйгөйлүү маселелерди талкуулап, айрыкча сот отурумуна күбөлөрдү  мажбурлап алып келүүдө ыкчам иш алып барууну сунуштады.


Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын тергөө боюнча орун басары Азамат Савыралиев, тергөө кызматынын негизги   милдети катталган    кылмыштарды тез жана толук ачууда, аларды жасаган жарандарды кылмыш-жазык жоопкерчилигине тартуу экенин белгилеп, тергөө кызматтары тарабынан кылмыш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө тергөө боюнча бир катар жетишкендиктер менен бирге кемчиликтер да жок эмесин айтып,  орун алып жаткан маселелердин үстүнөн иш аракеттер жумшаларын белгиледи.


Кеңешменин соңунда, Нурлан Чериков  катышуучуларга иштерине ийгилик каалап, мындай иш-чаралар дагы уюштурулуп турарын белгиледи.


 


Ысык-Көл облустук  сотунун басма сөз катчысы      А.Абдымаликова