Ысык-Көл облустук сотунун жыйындар залында Ысык-Көл облусунун жергиликтүү соттордун IT-адистеринин жыйыны уюштурулду.
Жыйынга УИТ “Адилет сот” Ысык-Көл облусундагы өкүлү Жумамудун уулу Нуржигит жана Ысык-Көл облусунун райондук жана шаардык сотторунун IT-адистери катышты.
Тренингдин алкагында “Программалык камсыздоо маалымат коопсуздугу” ошондой эле автоматташтырылган маалымат системасы, маалымдама колдонмо менен иштөө, соттук актылардын мамлекеттик реестри, аудио-видео жазуу системасы, жабдуулардын курамы менен таанышуу боюнча кенен маалымат берилди.
IT-адистер кызыктырган суроолоруна жооп алышып, көйгөйлөрүн жана сунуштарын айтышты.
Пресс-секретарь
Иссык-Кульского областного суда А.А.Абдымаликова