KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Сот тутумунун ардагери Бейшебай Уметов дүйнө салды

09 апреля 2024




09 апреля 2024






2024-жылдын 8-апрелинде узакка созулган оорудан соң Кыргыз Республикасынын сот тутумунун ардагери Уметов Бейшебай Уметович дүйнө салды.


Бейшебай Уметович 1938-жылы 5-майда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылында туулган. Орто мектепти 1956-жылы аяктап,  Кыргыз Мамлекеттик Университетинин юридика факультетине тапшырып, аны 1962-жылы аяктаган.  Ошол жылы Ак-Талаа райондук прокуратурасында, кийин Алай районуна которулуп, прокуратурада тергөөчү болуп иштеген.


1968-жылдан 1981-жылга чейин Ош, Ысык-Көл облустук прокуратурасында прокурордун жардамчысы кызматын аркалаган.


1981-жылы Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басарлыгына шайланган.


Ал эми 1983-1985-жылдары облустук юстиция бөлүмүнүн башчысы, 1985-жылын кайрадан облустук соттун төрагасынын орун басары болгон.


1990-жылдан 1999-жылга чейин  Каракол шаардык сотунун төрагасы кызматында эмгек өтөгөн.


1999-жылы Ак-Суу райондук сотунун төрагасы болуп дайындалып, 2003-жылы ардактуу эс алууга чыккан.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  судьялары жана аппарат кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү соттордун судьялары, Кыргыз Республикасынын сот тутумунун ардагерлери Уметов Бейшебай Уметовичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына  терең кайгыруу менен көңүл айтышат.