KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облусунун соттордун аппарат кызматкелеринин коррупцияга каршы билимин жогорулатуу иштери жүргүзүлдү

16 февраля 2023


2023-жылдын 16-февралында Ысык-Көл облустук сотунун тмаратында соттордун аппарат кызматкелеринин коррупцияга  каршы билимин жогорулатуу максатында тегерек стол өттү.





Аталган иш чара Ысык-Көл облустук сотунун демилгеси менен уюштурулуп, ага Ысык-Көл облустук  сотунун төрагасы Нурлан Чериков орун басарлары Зарипбек Аданбаев жана Азамат Абдраимов, облустук сотунун бөлүм башчысы Назгуль Ибраева ошондой  эле райондук жана шаардык  соттордун бөлүм башчылары катышышты.


Жолугушууда  соттордун аппарат кызматкерлерине  коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ар   бир шаардык    жана    райондук    соттордо    паракорлукка каршы кандай  иш чаралар өткөрүлүп, кандай аракеттер көрүлүп жатканы жөнүндө жана ишеним телефону кандай тартипте иштеп жатканы тууралуу маалыматтар берилип, жемкорлук менен күрөшүүнүн эффективдүү жолдорун колдонуу маселеси талкууланды.


Катышуучулар Кыргыз Республикасынын 2021-2024-жылдарга  коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик   стратегиясы, «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз  Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин тийиштүү Жарлыктары, Кыргыз Республикасынын  Коопсуздук кеңешинин чечимдери жана коррупцияга каршы БУУнун конвенциясы менен таанышышты.


Ошондой эле кызматкерлерге «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз  Республикасынын Мыйзамынын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодексинин талаптарын аткаруу боюнча, кызыкчылыктар кагылышкан учурда жүрүм-турум эрежелери, алардын коррупциялык кылмыштарды жасоого ынандыруусуна каршы туруу милдети жөнүндө   түшүндүрүү  иштери жүргүзүлдү.


 


Ысык-Көл  облустук  сотунун басма  сөз  катчысы    А.А.Абдымаликова