KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облусунун райондук жана шаардык сотторунун судьяларынын кеңешмеси өттү

29 мая 2023

29-Май 2023-жылы Ысык-Көл облустук сотунун жыйындар залында Ысык-Көл облусунун райондук жана шаардык сотторунун судьяларынын кеңешмеси өттү.


Ысык-Көл облустук соту тарабынан соттук буйруктарды берүү жөнүндө арыздар боюнча соттордун КР ЖПКнын ченемдерин колдонуунун ар кандай соттук тажрыйбасы аныкталды.


Ысык-Көл облусу боюнча 1-инстанциядагы сотторго көрсөтүлгөн категориядагы иштердин көп санда келип түшүүсү байкалууда.


Буга байланыштуу Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын жарандык жана экономикалык иштер боюнча орун басары Бакыт Калыков тарабынан демилгеленип, аталган категориядагы иштер боюнча бир түрдүү соттук тажрыйбаны талкуулоо жана иштеп чыгуу максатында райондук жана шаардык соттордун судьяларынын кеңешмеси өткөрүлгүп, жалпылоо жүргүзүлдү.


Анын жыйынтыгы боюнча аталган багыт боюнча учурдагы соттук тажрыйба талкууланып, судьялардын пикирлери угулуп, жана сот буйруктары өндүрүшүндө арыздарды кароодо жетекчилик кылуу үчүн бирдиктүү практика  иштелип чыкты.