KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Видео байланыш аркылуу Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун облустун райондук жана шаардык соттордун төрагалары менен онлайн кеңешмеси болуп өттү

04 августа 2023

 


2023-жылдын 4-августунда Ысык-Көл облустук сотунун жыйындар залында райондук жана шаардык соттордун төрагаларынын онлайн кеңешмеси болуп өттү.


Жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков, анын орун басарлары Нурлан Мусаев, Нургуль Бакирова, Сот департаментинин директору Медербек Сатыев, Жогорку соттун аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, ошондой эле Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары Зарипбек Аданбаев жана Ысык-Көл облусунун райондук, шаардык соттордун төрагалары катышышты.


Төрага Замирбек Базарбеков белгилегендей, буга чейин жергиликтүү соттордун судьяларына усулдук жана практикалык жардам көрсөтүүнүн алкагында Жогорку соттун судьялары бир катар жергиликтүү соттордо болушуп, анын натыйжасында тиешелүү жыйынтыктар чыгарылган. Сот адилеттигин ишке ашырууда процессуалдык укуктун нормаларын так сактоо, сот актыларын, сот отурумунун протоколдорун жазууда мыйзам бузууларга жол бербөөнү, сот адилеттигин сапаттуу ишке ашырууга, анын ичинде иштерди өз убагында кароону баса белгиледи.


Ошону менен бирге соттордун иш аракеттерин мыйзамдардын чегинде так жүргүзүлүшүн, аппарат кызматкерлерин эмгек жана аткаруу тартибин сактоону, сот чечимдеринин аткарылышына соттук көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылды.


Ошондой эле басма сөз катчылары институту маанилүү роль ойноп жаткан сот тутумунун ишмердүүлүгү тууралуу калкка маалымдоо иштерин активдештирүү тапшырылды.


Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы А.А.Абдымаликова