KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облусунун райондук жана шаардык сотторунун төрагаларына онлайн жыйын өткөзүлдү

26 мая 2023

2023-жылдын 26-майында Ысык-Көл облустук сотунун жыйындар залында райондук жана шаардык сотторунун төрагаларына онлайн кеңешме өттү.


Жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев, Качыке Эсенканов, Аскат Сыдыков жана Инара Гилязетдинова жана Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков, анын орун басары Зарипбек Аданбаев ошондой  эле Ысык-Көл облусунун райондук жана шаардык соттордун төрагалары катышышты.


Төраганын орун басары белгилегендей, буга чейин жергиликтүү соттордун судьяларына усулдук жана практикалык жардам көрсөтүүнүн алкагында Жогорку соттун судьялары бир катар жергиликтүү соттордо болушуп, анын натыйжасында тиешелүү жыйынтыктар чыгарылган. Сот адилеттигин ишке ашырууда процессуалдык укуктун нормаларын так сактоо, сот актыларын жазууда мыйзам бузууларга жол бербөө, Пленумдун токтомдорунда көрсөтүлгөн түшүндүрмөлөрдү так аткаруу, зарыл болгон учурда Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультативдик кеңешке кайрылуу тапшырылды.