KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облусуна дайындалган судьялар менен жыйын өттү

12 февраля 2024

 


2024-жылдын 9-февралында Ысык-Көл облустук сотунун жыйындар залында Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторуна дайындалган судьялар менен жыйын өттү.


Буга байланыштуу Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков дайындалган судьяларды облустук, Каракол шаардык жана Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери менен жыйын өткөрүп жакындан тааныштырды.


Ысык-Көл облустук сотуна


Кокшенова Сымбат Темирбековна (беш жылдык мөөнөткө).


Ысык-Көл облусунун административдик сотуна


Абдыкадырова Зарина Омаровна (курагынын чегине жеткенге чейин).


 


Жыйында Нурлан Чериков судьяларга, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда иштерди мыйзам чегинде карап, бүгүнкү күндө талап иштерди кароонун сапатын жогорулатуу экенин белгилеп, судьяларга жооптуу жана татаал кызмат ордунда ийгиликтерди каалады.


Аны менен биргеликте судьялар дайындалган кесиптештерге иштерине ийгиликтерди каалап, биргеликте жигердүү иштерди жүргүзүүдө ишенимин айтышты.


Ысык-Көл облустук  сотунун басма сөз катчысы      А.Абдымаликова