KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Сот тутумунун басма сөз катчыларын окутуу уланууда

29 июля 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 29-июлунда, Бишкекте сот тутумунун басма сөз катчыларын окутуунун экинчи үч күндүгү башталды.


Медиа эксперттер Марс Тулегенов жана Марат Токоев басма сөз кызматтардын ишмердүүлүгүндө коомдук тармактарда мультимедиалык аспаптарды колдонуу менен коомдогу чыр-чатактуу абалды басаңдатуу жана маалыматтык каршылык көрсөтүү ыкмаларын окутушат.


Мындан тышкары басма сөз катчылар ЖМК менен байланыш түзүү, санарип  коопсуздугу,  кастык тили, троллинг, чагымчыл, терс маалыматтарга өз убагында көңүл буруу жолдорун өздөштүрүшөт


Белгилей кетүүчү жагдай аталган окутууга Жогорку соттун басма сөз кызматы, аймактардагы жергиликтүү соттордун, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин, Сот департаментинин басма сөз катчылары катышышат.


Эске сала кетсек, сот тутумунун басма сөз катчыларын окутуунун биринчи  бөлүгү 2021-жылдын 15-17-июлдарында болгон.


Аталган тренинг  IDLOнун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун басма сөз кызматы тарабынан уюштурулган.