KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Жер талаштары жөнүндө каралган иштер боюнча талдоонун жыйынтыктары тартууланды

03 июня 2021

2021-жылдын 2-июнунда  Ысык-Көл областтык сотунун төрагасынын орун басары Канат Аманов,  Ысык-Көл областынын   Административдик сотунун төрагасы Мелис Тагаев жана Ысык-Көл областынын   Административдик сотунун судьясы Таалайбек   Даркимбаев  Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери менен кезектеги жолугушуу өткөрүштү. Иш-чара Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрациясынын кичи залында видеобайланыш аркылуу өткөрүлдү.


Аталган иш-чара судьялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлеринин жана аткаруучуларынын деңгээлинде тыгыз өз ара кызматташтыкты түзүү, аларга усулдук жардам көрсөтүү, административдик актыларды кабыл алууда көп кетирилген каталарды талдоо, алардын себептери менен факторлорун аныктоо, мыйзамдуу жана негиздүү административдик актыларды кабыл алуу боюнча сунуштарды келтирүү максатында уюштурулган.


Ысык-Көл областтык сотунун төрагасынын орун басары Канат Аманов катышуучулар менен амандашып, өткөн жылдын декабрь айында жогоруда аталган органдардын кызматкерлери үчүн «Административдик иштин негиздери жана жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонуу тартибин түшүндүрүү боюнча тренинг өткөрүлгөнүн белгилеп, судьялар тарабынан мындан ары да ушул сыяктуу иш чараларды уюштуруу пландалып жатканын айтты.


Ал эми Ысык-Көл областынын   Административдик сотунун төрагасы Мелис Тагаев катышуучуларды презентациясы менен тааныштырып, Ысык-Көл областынын   Административдик соту тарабынан 2019-2020-жж. каралган административдик иштер боюнча түзүлгөн талдоонун негизинде аныкталган жер талаштары боюнча административдик актыларды чыгарууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көпчүлүк учурларда кетирилген каталарды баса белгилеп, эки жыл ичиндеги соттук статистиканы угузду. Маалыматка ылайык, 2019-жылы 37 соттук иш, ал эми 2020-жылы 35 иш боюнча талдоо жүргүзүлүп, изилденген. Ошондой эле каталардын түрлөрүн санап, сот чечимдерди кабыл алууда кайсы маселелерге көңүл бурарын белгиледи. Мындан тышкары ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу маселесине кеңири токтолду.


Судья Таалайбек Даркимбаев административдик актыларды кабыл алууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары жөнүндө маалымат берип, жер мыйзамдарынын талаптарын бекем сактоо зарылдыгына катышуучулардын көңүлүн бурду.


Видеобайланыш учурунда мыйзамдуу жана негиздүү административдик актыларды кабыл алуу боюнча сунуштар берилди. Судьялар соттук практикасынан алынган мисалдар менен бөлүшүп, кетирилген каталар боюнча кейстерди талкуулашты. Катышуучулар бардык суроолоруна мазмундуу жана толук жоопторун алышты. Жолугушуунун соңунда тараптар ушул сыяктуу иш-чараларды системалуу түрдө өткөрүүнү макулдашышты.