KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Жети-Өгүз жана Тоң райондук сотторуна барды

10 июня 2022

2022-жылдын 9-июнунда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун иш сапары Жети-Өгүз  жана Тоң райондук сотторунда болуу менен  аяктады.


Төрага Жети-Өгүз райондук сотунун иши менен жеринде таанышып, соттун имаратын, иш бөлмөлөрдү, соттун отурум залдарын кыдырып чыкты. Мындан тышкары, автоматташтырылган маалымат системасы, соттор арасындагы иштерди автоматтык бөлүштүрүү жана аудио, видео жазуу программаларынын иштешин карап чыкты.  Аппарат кызматкерлери менен жыйын өткөрүп, көйгөйлөрүн  укту. Жети-Өгүз районуна эки судья ротация жолу менен Ош облусунан которулушуп келишкен. Райондук сотто 13 аппарат кызматкери эмгектенет.


 


Ошондой эле Замирбек Базарбеков Тоң райондук сотуна барып, судьялар жана аппарат кызматкерлеринин ишмердүүлүгү менен кенен таанышып чыкты. Аудио жана видео жазуу программаларынын иштөөсүн карап, соттун имаратын, отурум залдарды жана кызматтык бөлмөлөрдү көрүп чыкты. Мындан тышкары иштерди кароо сапатын жогорку деңгээлге көтөрүп, мыйзам чегинде иш алып барууга чакырды. Соттук актыларды өз убагында тараптарга тапшырууну жана кабыл алынган соттук актылардын  аткарылышын ар бир судьяга көзөмөлгө алуусун тапшырды. Тоң райондук сотуна 1 судья Жала-Абад облусунан орун которгон, райондук сотто 15 аппарат кызматкери эмгектенет.


Жогорку соттун төрагасы жергиликтүү соттордун аппарат кызматкерлери  менен дагы жолугушуп, алар тарабынан коюлган көйгөйлөр жакынкы арада чечиле тургандыгын кошумчалады.


Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков иш сапары менен Ысык-Көл облусунун 9 райондук жана шаардык сотторунда болду.