KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Тоң райондук сотунун төрайымы Жеңиш күндүн урматына уюштурулган иш-чарага катышты

11 мая 2024

 


2024-жылдын 9-майында Улуу Ата мекендик согуштун 79 жылдыгынын урматына адатагыдай эле жер-жерлерде согуштун ардагерлерине жана ооруктун катышуучуларына таазим этип, алардын баа жеткис эрдиктерин эскерип майрамдык иш-чаралар уюштурулду.


 


Ошондой иш-чараларга Тоң райондук сотунун төрагасы Гулзат Абдинасирова, Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Байышбек Астанакулов, Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Тойчу Рыспай уулу жана башка мамлекеттик орагандардын жетекчилери катышты.


Кеченин жүрүшүндө согуш жылдарында оорукта эмгектенген ардагерлердин үйлөрүнө барып, Жеңиш майрамы менен куттуктап белектерин тапшырып, акчалай жардам көрсөтүштү.


Гулзат Абдинасирова Тоң районунун жана Бөкөнбаев айылынын тургундары Турсунбубу Мамбетова, Маркаш Усупбекова, Шейшен Акымбаев, Дилдекан Омурова жана Аный Жайыковаларды жеринде барып, белектерин тапшырды.


Оорукта эмгектенген ардагерлер терең ыраазычылыктарын билдиришип, жетекчилерге иштеринде ийгиликтерди жана эли-жерибизге тынчтык жана бакубат жашоо каалап, баталарын беришти.


Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы     Айпери Абдымаликова