KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун демилгеси менен мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусунда тегерек стол өттү

04 июня 2024

 


2024-жылдын 3-июнунда Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун демилгеси менен Сот Адилеттик үйүнүн жыйындар залында “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамды колдонуу” боюнча тегерек стол уюштурулду.


Кеңешмеге Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун судьялары, Ысык-Көл облусунуну райондук мамлекеттик администрациясынын, шаардык Мэриялардын жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстар кызматынын райондук филиалдарынын өкүлдөрү катышышты.


Иш-чаранын максаты сот бийлиги менен мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда элдин кызыкчылыктарын укуктарын коргоодо бардык күч-аракеттерди жумшап, мыйзамды туура жана так колдонуу болуп саналат.


Жыйындын жүрүшүндө Асылбек Мамадалыев “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболору” жөнүндө мыйзамды,  ал эми Зарина Абдыкадырова “Административдик иш жөнүндө мыйзамдарды” колдонуу тууралуу маселелер талкууланып, судьялар катышуучулардын суроолоруна кеңири жооп беришти.


Жыйындын соңунда Асылбек Мамадалыев катышуучуларга иштерине ийгиликтерди  каалап, ыраазычылык билдирди.


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы                            А.А.Абдымаликова