KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Сот адилеттигин жакшыртуу максатында иш-чаралар уюштурулууда

20 мая 2024

 


2024-жылдын 20 майында проект USAID “Укук булагы” тарабынан уюштурулган “Калк арасында адилеттүүлүктү арттырууда юридикалык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн өз ара аракеттенүүсү” — темасында тегерек стол болуп өттү.


Иш- чарага Тоң райондук сотунун төрайымы Гүлзат Абдинасирова, медиатор, адвокат, юристтер жана соц адистер катышып, төрайым Укук-Булагынын 2023-жылдын ноябрь айынан тартып Тоң райондук сотунда пилоттук режимде киргизилген пикирлерди чогултуунун инновациялык тутуму, кайтарым байланыш системасы менен тааныштырып кенен маалымат берди.


Тактап айтканда жарандар уюлдук телефондун жардамы менен QR-код аркылуу шилтемени ачып,  анонимдүү анкетаны толтуруп, пикирин калтырып жөнөтөт, анкеталар чогулуп, чаралар көрүлөт.


Мындан сырткары соттун имаратын, сот отурум залдарын жана сот системасынын санариптештирүүнүн негизинде колдонууга кирген маалыматтык каражаттарын көрсөттү. Башкача айтканда аудио жана видео жаздыруу системасы (АВФ), автоматташтырылган маалымат системасы (АИС Суда) менен тааныштырды.


Иш-чаранын соңунда Гүлзат Абдинасирова катышуучулардын кызыктырган суроолоруна жооп берип, чын ден-соолук иштерине ийгилик каалады!


Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы     Айпери Абдымаликова