KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Жети-Өгүз райондук сотунун төрагасынын катышуусунда кеңешмеге уюштурулду

15 апреля 2024

Жети-Өгүз райондук сотунун төрагасынын катышуусунда кеңешмеге уюштурулду


 


Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын-алуу тууралуу кеңешме Жети-Өгүз райондук сотунун төрагасынын демилгеси менен уюштурулду.


Иш-чарага Жети-Өгүз райондук сотунун төрагасы Нурпаис Бекташов, Жети-Өгүз районунун прокурору Мирлан Турдугулов анын орун басары Азамат Масиров, райондук милициянын начальниги Батыр Рыскулов, ошондой эле райондук ИИБнин тергөөчүлөрү, аймактык участкалык инспекторлор катышышты.


Кеңешменин жүрүшүндө укуктук ченемдерди туура колдонуу, сотко чейинки өндүрүштө ката кетирбөө, жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын укуктарын коопсуздугун сактоо маселелери талкууланды.


Ошону менен биргеликте Нурпаис Бекташов райондук милиция кызматкерлерине үй-бүлөлүк зомбулукту жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын-алуу иш-чараларын жеринде жүргүзүүнү сунуштап, азыр убакта орчундуу көйгөйлөрдүн бири экенин белгиледи.


Жолугушуунун соңунда төрага кеңешменин катышуучуларына иштерине ийгилик каалады.


 


Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы     Айпери Абдымаликова