KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Нурлан Чериков Ысык-Көл облусуна дайындалган судьялар менен жеринде кеңешме өткөрдү

14 августа 2024

 


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун 2024-жылдын 12-августундагы №92 буйругунун негизинде Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык сотунун төрагасы кызмат ордуна аталган соттун судьясы Мамаев Жыргалбек Аскерович 5 (беш) жылдык мөөнөткө дайындалды.


Буга байланыштуу  13-августунда Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков Балыкчы шаардык сотуна иш сапары менен барып, судьялардын , жергиликтүү бийликтин жана соттун аппарат кызматкерлеринин катышуусунда кеңешме өткөрдү. Жыргалбек Мамаевди  жыйындын катышуучуларына тааныштырып,  жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады ошондой эле сотторду иш алып барууда мыйзамдын талаптарын так аткарууга чакырды.


Ал эми аппарат кызматкерлерине эмгек тартибин сактап, тараптарга сылык мамиле жасап,  өз убагында чечимдерди тапшыруу керек экендигин эскертти.


Шаардык соттун жамааты жана катышуучулары жаңы төраганы куттуктап, ишинде ийгиликтерди каалады.


Өз сөзүндө Жыргалбек Мамаев катышуучуларга чоң жоопкерчиликти белгилеп, ыраазычылык билдирди.


           Аны менен биргеликте Нурлан Чериков Ак-Суу райондук сотуна иш сапары менен барып, жаңы судья Аскарбеков Дур Эркинбековичти соттун жамаатына тааныштырды.


Соттордун катышуусунда жыйын өткөрүп, ишти кароонун сапатын жогорулатуу жана мыйзам талаптарын так сактоо боюнча иш алып барууга чакырды.


Эске салсак, 2024-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун, ошондой эле Жогорку соттун судьяларынын катышуусунда жергиликтүү сотторго алгач дайындалган судьялар ант беришти.


 


Балыкчы шаардык сотуна — Мамаев Жыргалбек Аскеровичке беш жылдык мөөнөткө;


 


Ак-Суу райондук сотуна — Аскарбеков Дур Эркинбековичке беш жылдык мөөнөткө.


                                                        


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы                                                                                       А.А.Абдымаликова