KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Сот тутумунун ардагери Жолдошбек Жакыпбердиев дүйнө салды

01 мая 2024








2024-жылдын 30-апрелинде узакка созулган оорудан соң Кыргыз Республикасынын сот тутумунун ардагери Жакыпбердиев Жолдошбек Жакыпбердиевич дүйнө салды.


Жолдошбек Жакыпбердиев 1951-жылдын 24-июнунда Ысык-Көл облусунун Тюп районунун Санташ айылында туулган. 1982-1987-жылдары Ысык-Көл облусунун Пржевальск шаарында областтык аткаруу комитетинин юстиция департаментинин консультанты кызматын аркалаган.


1987-1997-жылдары Чолпон-Ата шаарынын судьясы. 1997-1999-жылдары Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары кызматында эмгек өтөгөн.


1999-жылдан 2006-жылга чейин Ысык-Көл райондук сотунун судьясы болгон.Ал эми 2006-жылдан 2013-жылдары Бишкек шаардык сотунун судьясыкызматында эмгек өтөп, 2013-жылы ардактуу эс алууга чыккан.


Сот тутуму Жакыпбердиев Жолдошбек Жакыпбердиевич дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышат.





























КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН БЮЛЛЕТЕНИ